www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери жабык жеке иш-чараларды уюштурууга бөгөт коюшту. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдун руханий-адептик баалуулуктарын коргоо, жаштардын моралдык бузулушуна жол бербөө, ошондой эле жарандарды, анын ичинде жаштарды, укукка каршы аракеттерге тартуунун алдын алуу максатында Бишкек шаарынын укук коргоо органдары тарабынан профилактикалык жана ыкчам-издөө иш-чаралары системалуу түрдө жүргүзүлүүдө. Өзгөчө көңүл адеп-ахлакка каршы жана тыюу салынган контентти таратуу фактыларын аныктоого, ошондой эле өсүп келе жаткан муундун адептик багыттарын калыптандырууга терс таасирин тийгизген адамдардын жана мекемелердин ишин токтотууга бурулууда.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2026-жылдын 6-январында милиция кызматкерлерине борбор калаанын аймагында бир топ адамдар жабык жеке кечелерди уюштуруп, андан кийин фото жана видео материалдарды «Instagram>>> социалдык тармагында, ошондой эле Telegram каналдарынын биринде ачык жайгаштырып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт Бишкек шаарынын ИИББнын маалыматтык электрондук журналына катталган.

Последние новости