www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республикачы Рэнди Файн Гренландияны АКШга кошуу боюнча мыйзам долбоорун Конгресске киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
- Бүгүн конгрессмен Файн (Флориданын 6-округунан) Гренландияны аннексиялоо жана штат статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоорун киргизди, - деп айтылат жарыяланган маалыматта.
Тиешелүү мыйзам кабыл алынган учурда Дональд Трампка аралды аннексиялоого же сатып алууга зарыл болгон кадамдарды жасоого мүмкүндүк берет.
АКШ Конгрессине Гренландияны 51-штат катары кошуу демилгеси киргизилиши Вашингтондун Арктикадагы стратегиялык кызыкчылыктары барган сайын курчуп жатканын айкын көрсөтөт. Республикачы конгрессмен Рэнди Файн сунуштаган мыйзам долбоору символдук кадам эмес, АКШнын глобалдык коопсуздук логикасынан улам келип чыккан саясий коңгуроо десек жарашат.
Бул демилгенин өзөгүндө үч негизги фактор жатат:
Биринчиден, Арктиканын геосаясий мааниси өсүүдө. Муздардын эриши жаңы деңиз жолдорун ачып, Арктиканы соода, энергетика жана аскердик атаандаштык аймагына айлантты. Гренландияны көзөмөлдөө Арктика деңиз жолдоруна жана Түндүк Атлантикага таасир этүү дегенди билдирет.
Экинчиден, коопсуздук маселеси. АКШ Гренландияны өзүнүн ракетадан коргонуу жана эрте эскертүү системасынын маанилүү бөлүгү катары көрөт. Файндын билдирүүсүндө айтылгандай, бул аймакты көзөмөлдөгөн тарап АКШнын коргонуу архитектурасына түз таасир бере алат. Ошондуктан Вашингтон Гренландия Россия же Кытай сыяктуу атаандаш державалардын таасирине өтүп кетишинен кооптонууда.
Үчүнчүдөн, саясий-идеологиялык аргумент. Демилге авторлору Гренландияны “АКШнын баалуулуктарына каршы режимдерден” коргоо керек деген риториканы колдонууда. Бул дегендик, аралды аннексиялоо же сатып алуу идеясын ички аудиторияга актанууга түзүлгөн классикалык ыкма десек болот
Гренландия Дания королдугунун курамына кирет.1953-жылга чейин Даниянын колониясы болгон, бирок 2009-жылы өзүн-өзү башкаруу жана ички саясатын аныктоо мүмкүнчүлүгү менен автономия алган.
Андыктан, Американын демилгеси эл аралык укук жана союздаштык мамилелер жагынан олуттуу суроолорду жаратат. Себеп дегенде Гренландия Дания королдугунун курамындагы автономиялуу аймак болуп саналат жана өз алдынча ички саясат жүргүзүү укугуна ээ. Демек, аралдын келечеги, формалдуу түрдө, гренландиялыктардын өз эрки менен чечилиши керек.
Балким, Конгресске киргизилген мыйзам долбоору азырынча ишке ашчу реалдуу план эмес. Бирок ал АКШнын Арктика үчүн күрөшкө олуттуу киришкенин, Гренландияны болсо узак мөөнөттүү глобалдык стратегиясынын негизги элементи катары карап жатканын даана көрсөтүп турат.