www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз саясатындагы айрым аткаминерлердин кубулган жүзүн көргөндө жаратылышынан табияттын шартына жараша кубула билген Хамелеон ыңгайсыз абалда калат. Мунун далили катары Каныбек Иманалиевдин саясаттагы карманган позициясын мисалга алсак жетиштүү болот. 

Дегенибиз, учурдагы президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы Октябрь окуясында Сооронбай Жээнбеков бийлигин колунан жулдуруп жибергенде “эки тизгин бир чылбырды” колго алып, эл жапырт колдоп турган кезде, Каныбек Иманалиев маалымат жыйын өткөрүп:

“Интеллегенциянын өкүлү Садыр Жапаров эмес. Көлдүн аксакалдары тентек балаңар элди укпай, жалаң фейктерди угуп калды. Көлгө алып кетпейсиңерби? Губернатор болуп 2-3 жыл иштесин, анан премьер-министр болуп тажырыйба топтосун, өнсүн-өссүн, даяр болуп келсин”, - деп “сабатсыз” деген жарлыкты жабыштырууга аракет кылып, өлкө башкара албайт дегенди айтып сайраган.

Мына эми болсо: “Акыркы 5-6 жылдын аралыгында Артта калган Африка өлкөлөрүнүн катарынан суурулуп чыгып, ортоңку өлкөлөр болгон Европа, Латын Америкадагы өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулдук”, - деп Айга-Күнгө теңеп мактап жатат. Сыягы, кайрадан кызмат үмүт кылып, “упчу соргусу” келип калган көрүнөт.

Дегенибиз, буга дейре ортодо президент Иманалиевдин айтканын кечирип, айкөлдүк кылып Билим берүү жана илим министри кылды, аны дагы жарыткан жок. Интрига менен алышып, окуу китептеринен пайда көрүүгө көз кызартып жүрүп иштен айдалды. Көрсө, тилинен башка колунан Кокон тыйын келбеген демогогдордун бир тура.

Өкүнүчтүүсү, ушунчалык дагы “эки жүздүү” болот экен тобоо!

Последние новости