www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэриянын аппараттык жыйынында Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев шаардык кызматтардын жетекчилерине кескин талаптарды койду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы бардык мамлекеттик кызматкерлерди таза иштөөгө чакырды. Шаарда коррупциялык схемаларга жана мыйзамсыз иштерге таптакыр жол берилбестигин эскертти.
Мэр бүгүндөн баштап бардык иштер анын жеке көзөмөлүндө болорун билдирди.
"Мен уктабайм эми, түнү дагы барып текшерем. Бүт иштерди план боюнча өзүм көзөмөлдөп, өзүм чуркап бүтүрөм", - деп баса белгиледи Баатырбек Жантаев.
Белгилей кетсек, Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп 2025-жылдын июль айында дайындалган.