www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын премьер-министр Никол Пашинян эң көп талкууланган талаштуу фигуралардын бири катары белгилүү. Аны кээ бирлер реформатор, элдин үнүн уккан лидер деп эсептесе, башкалары аны популист катары саясий каталары үчүн катуу сынга алышат.
Никол Пашиняндын атасы Вова Пашинян Армениянын Иджеван шаарында туулган. Ал совет доорундагы типтүү интеллигенттердин өкүлү болгон. Кесиби боюнча дене тарбия мугалими Вова Пашинян узак жылдар бою Иджевандагы №1 орто мектепте иштеп, коомдо кадыр-баркка ээ адам катары таанылган.
Армян булактарынын маалыматына караганда, Вова Пашинян жөнөкөй жашоону жактырган, ачык ой жүгүрткөн жана улуттук көз караштары бар инсан болгон. Ал уулунун журналистикага жана саясатка болгон кызыгуусун эрте байкап, ага тоскоол болбой, тескерисинче, колдоо көрсөткөн. Никол Пашинян өзүнүн маектеринин биринде: “Атам мага чынчыл болууну жана оюн ачык айтууну үйрөткөн”, - деп эскерет.
Ал эми Николдун апасы Светик Ованесян үй кожойкеси болгон. Ал тууралуу маалыматтар аз болгону менен, аны тааныгандар сабырдуу, тынч мүнөздүү, балдарынын билимине өзгөчө көңүл бурган аял катары эскеришет.
Тилекке каршы, Светик Ованесян 1987-жылы оорудан улам каза болгон. Ошол учурда Никол болгону 12 жашта эле. Бул окуя жаш өспүрүм үчүн оор сыноо болгон.
Апасынын көзү өткөндөн кийин, Вова Пашинян кайрадан үй-бүлө курат. Ошентип Николдун жашоосунда Ерджаник Чибухчян аттуу өгөй апасы пайда болот. Ал Пашинян үчүн өгөй эне болсо да, чыныгы эне сыяктуу мамиле кылган.
Пашиняндар үй-бүлөсүндө демократиялык тарбия үстөмдүк кылган. Балдардын оюн угуу, эркин ой жүгүртүүгө шарт түзүү негизги принцип болгон. Үйдө китепке, тарыхка жана саясатка кызыгуу күчтүү эле. Бул чөйрө Николдун келечекте журналист жана саясатчы катары калыптанышына чоң таасир тийгизген.
Никол Пашинян – үй-бүлөдөгү кенже уул. Анын Армен жана Артак аттуу эки агасы бар. Агалар аскердик кызмат өтөшкөн, ал эми мыйзамга ылайык Никол армиядан бошотулган.
Армян булактары белгилегендей, Никол премьер-министр болгондон кийин да анын ата-энеси Иджевандагы жөнөкөй үйдө жашоосун улантышкан. Атасы каза болгондон кийин гана Ерджаник Чибухчян Ереванга көчүүгө аргасыз болгон.
Никол Пашиняндын саясий образы канчалык талаштуу болбосун, анын инсан катары калыптанышында ата-энесинин, өзгөчө атасынын жана өгөй энесинин тарбиясы чечүүчү роль ойногону айкын. Чынчылдыкка, сабырдуулукка жана эл менен түз байланыш түзүүгө умтулган мүнөз дал ушул үй-бүлөлүк баалуулуктардан башат алган. Ошондуктан анын саясий жолун түшүнүү үчүн ата-энесине жана өскөн чөйрөсүнө кайрылуу маанилүү жана зарыл.