www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 4 компаниянын иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору мониторинг жүргүзүп, Түркияга жумушчу жөнөтүүчү айрым компанияларда төмөндөгүдөй мыйзам бузууларды аныктаган:
уруксат алууда мамлекеттик органга жалган маалыматтарды берүү;
Түркиядагы иш берүүчү же ортомчу уюмдар менен болгон чыныгы кызматташтыгы тууралуу маалыматтарды жашыруу;
министрлер кабинети бекиткен жобонун талаптарын сактабоо.
Натыйжада төмөнкү компаниялардын иши убактылуу токтотулду:
"Голден ворк & тревел" ЖЧК;
"Айрис Тревел" ЖЧК;
"Рамай-Саякат" ЖЧК;
"Аска-Трэвел" ЖЧК.