www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр 2025-жылы Кыргызстандан сыртка миграцияга кеткендер жарандардын көбү Улуу Британия, Түркия, Германия, Болгарияны тандаган. Бул өлкөлөргө 17 миң мигранттын 60% кеткен. Борборго кайрылгандардын 1463ү гана Орусияны тандаган.
Миграциялык агымдын мындай географиялык өзгөрүүсүнө акыркы жылдары Орусиянын мигранттарга карата катаал мамилеси себеп болду. Экинчиден каржы булагы мигранттар кетип жаткан өлкөлөрдө Орусияга ссалыштырмалуу алда канча жакшы. Укуктук мамиле дагы кыйла толлерантуу. Ушундан улам, Орусияга барчу агым азайып, багыт өзгөрдү.
Арийне, ошентсе дагы чет өлкөдө жумуш орундарын таап беребиз дешип Кыргызстандагы миграция менен алектенген айрым агенттиктер, жарандардын коопсуздугун ойлобогон кадамдарга барып жаткан учурлар катталып жатканы маалым болду.
Мына айталы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору 12-январь күнү төрт агенттиктин уруксат кагазын убактылуу токтотту. Алар кыргызстандык жарандарды Түркияга ишке жайгаштыруу менен алектенип келген.
Аталган борбордун маалыматына караганда, бул агенттиктер мамлекеттик органдарга туура эмес маалыматтарды беришкени атайын рейд учурунда аныкталган.
Документтерде Түркияда жарандарды ишке кабыл алуучу уюмдар - иш берүүчүлөр же ишке орноштуруучулар менен кызматташтыгы тууралуу так маалыматтар жок болуп чыккан.
Натыйжада төрт: "Голден ворк & тревел", "Айрис Тревел, "Рамай-Саякат" жана "Аска-Трэвел" деп аталган агенттиктердин уруксат кагазы убактылуу жокко чыгарылды.
Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору маалымдагандай, мыйзамга ылайык жалган маалыматтарды берүү агенттиктин ишмердигин токтотууга түз негиз болуп бере алат. Аталган борбор мындай чара Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо жана мыйзамсыз миграция тобокелчилигинин алдын алууга багытталганын кошумчалады.