www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 28-апрелинен 30-апрелине чейин Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фора Эссозимна Гнассингбенин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Расмий делегациялардын өтүүсү учурунда төмөнкү жол тилкелеринде автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет:

* Манас эл аралык аэропортунан Фучик көчөсү аркылуу Чүй проспектисине чейин;
* Чүй проспектиси боюнча;
* Жусуп Абдрахманов көчөсү боюнча;
* Манас проспектиси боюнча.

Урматтуу жарандар жана борбор калаанын коноктору!
Өткөрүлүп жаткан мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.

Бул күндөрү чет өлкөгө же өлкөнүн башка аймактарына чыгып кетүүнү пландаган жарандарга Манас эл аралык аэропортуна, темир жол бекетине жана Бишкек шаарынын Батыш автовокзалына алдын ала баруу, ошондой эле жол тыгындарына кабылбай, каттамдарга кечикпөө үчүн жүрүү маршруттарын алдын ала пландаштыруу сунушталат.

Последние новости