www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы алдамчылыкка шектелген чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ушул жылдын 11-ноябрында Ленин РИИБине Б.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
"Арызда айтылгандай, шектүү жабырлануучуга чет жактан машина алып келип берүүнү убадалап, 9 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акчасын алып, из жашырып кеткен. Ушундай эле меселе боюнча мындан сырткары дагы 3 киши аталган жарандын үстүнөн арызданып, милицияга кайрылган.
Жогорудагы фактылардын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иши башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1966-жылы туулган Д.А.М. аттуу пакистандык жаран кармалып, 2 айга СИЗО-1ге киргизилди", - дешти мекемеден.
Булак: NazarNews.kg