www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте электр мамысына чыгып, түшө албай калган жаш кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Айни көчөсүндө кечээ, 15-июнда болжол менен 18-20 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) жогорку чыңалуудагы темир электр мамычасына чыгып алып, түшө албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, темир электр мамычадан кызды аман-эсен түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.