www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул күндөр аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат. Бул тууралуу жеринен "NazarNews" маалымат агенттигинин жетекчиси Гүлжан Шерипбаева билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган медиа-турдун алкагында Кыдайдын Шинжаң байыркы экологиялык паркына саякат уюштурулду.
Шинжаң байыркы экологиялык паркын Xinjiang Wild Horse Cultural Development Co., Ltd. инвестициялап курган. Урумчи шаарындагы жогорку технологиялуу аймакта жайгашкан. Паркта байыркы табигый экосистемалар жана сейрек кездешүүчү Ахал-Теке тукумундагы аттар багылып, "байыркы экология" жана "ахал-теки аттары" темасындагы ири маданий-туристтик борбор түзүлгөн экен.
Бул жерде экологияны коргоо, маданий көргөзмөлөр, илимий агартуу жана туризм бириктирилген. Аянты 200 акрды түзөт. Парк Улуу Жибек жолунун табигый кереметтерин жана маданий мурастарын көрсөтүп, Шинжаңдын географиялык жана тарыхый өзгөчөлүктөрүн чагылдырат. Ал “Улуу Жибек жолунун жандуу музейи” деп аталып, бир нече улуттук жана аймактык демо-базалар катары таанылган. Жыл сайын миллиондогон туристтерди кабыл алат.
Негизги объектилер жана өзгөчөлүктөр:
Катырылган токой:
Паркта 1000ге жакын байыркы дарактардын ташка айланган калдыктары бар. Эң узуну 40 метрге жетип, 150–300 миллион жыл мурунку доорлорго таандык.
Ахал-Теке ат базасы:
Бул – Кытайдагы эң ири Ахал-Теке аттарын багуу борбору болуп саналат экен. 18ден ашык белгилүү тукумдар бар. Ат майданы жана ат маданиятына арналган музей дагы иштеп, эң кызыгы “бул аймакта кыргыздын музыкалары жаңырып турат дейт, Акжол аттуу жергиликтүү казак жараны.
—— Сиздер көрүп тургандай улуттук оюндар камтып турат. Аттарды таптайбыз. Арабызда кыргыздар дагы бар. Туристерге оюн-зоокторду көрсөткөндө кыргыздын комузда ойнотулган күүлөрү бизди коштоп турат, - деп кошумчалады ал.
Wild Horse сүрөт көргөзмөсү:
Бул жерде ага кошумча Улуу Жибек жолу, табият жана этностор темасындагы сүрөттөр, скульптуралар жана башка эмгектер коюлган.
Populus euphratica байыркы токойу:
Миң жылдык чөл тополдор отургузулуп, чөл экосистемасын калыбына келтирүү жана экологиялык аң-сезимди жогорулатуу максат кылынган.
Бул парк илимий-изилдөө, билим берүү жана туризм үчүн өзгөчө мааниге ээ. Байыркы табигый эстеликтерди, сейрек флора-фауна түрлөрүн жана маданий мурастарды чагылдыруу менен Шинжаңдын бай тарыхын жана маданиятын даңазалайт.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 12–23-июну аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат. Ага Кыргызстандан NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева катышууда.
Медиа-турдун максаты — Кытайдын аймактык өнүгүүсүн, маданиятын жана жаңы технологиялык жетишкендиктерин эл аралык журналисттерге жана медиа өкүлдөрүнө таанытуу.
Иш-чаранын уюштуруучусу - CCTV (CCTV+) видеомаалымат агенттигинин президенти, башкы директору жана башкы редактору Гао Вэй.
Аталган иш- чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Гана, Африка, Эфиопия, Мьянма, Лаос, Мазамбик, Сауд Арабия, Ирак ж.б. өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү катышууда. Ага Кыргызстандан NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева чакырылган.