www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте «Борбордук Азияда жашыл экономика үчүн жашыл көндүмдөр» аттуу регионалдык долбоордун алкагында «жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүү жана кызматташтык маселелерине арналган тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын «жашыл» экономикага өтүүсүнүн негизги багыттары, эмгек рыногунда талап кылынган заманбап компетенцияларды өнүктүрүү, ошондой эле «жашыл» көндүмдөрдү билим берүү системасына жана иш менен камсыз кылуу саясатына интеграциялоо маселелери талкууланды.
Эмгек министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, адамдык капиталды өнүктүрүү өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын 2029-жылга чейинки жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.
Өзгөчө көңүл кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу, билим берүү программаларын жаңылоо, ошондой эле заманбап эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелерине бурулду.
Тегерек столдун жыйынтыгында тараптар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого жана «жашыл» компетенцияларды өнүктүрүү багытындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.