www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт башка жарандардын жеке маалыматтарын, анын ичинде паспорттук маалыматтарын уруксатсыз колдонуп же интернетке жарыялаган адамдарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Бул маселе Жогорку Кеңеште 14-майдагы жыйында биринчи окууда каралды.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору Кутман Мамыровдун айтымында, жеке адамдар үчүн айып 7500 сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 65 миң сом өлчөмүндө каралууда.
Анын айтымында, эгерде кимдир бирөө башка адамдын паспорттук маалыматтарын уруксатсыз таратып, идентификация жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзсө, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Бирок жаран өзүнүн паспортун социалдык тармактарга өзү жарыяласа, ал жалпыга жеткиликтүү маалымат катары саналат жана мыйзам бузуу болбойт.
Мамыров мыйзам долбоору Санарип кодекс менен Укук бузуулар кодексин шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. Анын айтымында, мурда ар кайсы мыйзамдарда чачыранды болгон нормалар бир документке бириктирилген.