www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан автобекеттин курулуш иштери 75 пайызга аяктады. Бул тууралуу курулуш иштеринин башчысы Султанбек Тургунбай билдирди.

Анын айтымында, долбоор 2025-жылдын 12-февралында башталган. Эки нөөмөт менен 200дөй курулушчу иштеп жатат.

“Учурда монолит иштери 100% пайыз бүттү. Ичин жасалгалоо иштери, жарыктандыруу, суу, жылуулук, канализация, өрт коопсуздугу деген иштери жасалып, чатыры 80%га аяктады. Бөлмөлөр бөлүштүрүлүп, кафелдер орнотулууда.

 

Жалпы аянты болжол менен 30 миң чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу 9 блоктон турат. Беш блок негизи имараты, эки блок перронго чыгып, 8-9 блоктор эки канаты болот.

Бекеттин өзгөчөлүгү - бардык шарттар түзүлөт. Алыстан келгендер үчүн мейманкана, айдоочулар үчүн жатакана, тамактануучу жайлар, күтүү залдары болот”,-деп белгиледи ал.

Последние новости