www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган алдамчылыкка шектелүүлөр кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылдын башында ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран К.А. арыз менен кайрылган.
Арызында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жолу менен 10 000 АКШ долларын алып, тергелип жаткан кылмыш ишин “оң жагына чечип беребиз” деп убада кылган жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аткарбай, акча каражатын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган С. А. жана 1976-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалган. Ал эми, дагы бир шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1982-жылы туулган А.А. мурда соттолгону жана учурда башка алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан камакта экени белгилүү болду.
Иликтөө иштери улантылууда.