www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети эмгек шарты өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин жаңы тизмесин жана алар үчүн белгиленген кыскартылган жумуш убактысын бекитти. Тиешелүү № 859 токтомго 2025-жылдын 31-декабрында кол коюлган.

Документ КР Эмгек кодексинин 51 жана 194-беренелерин, ошондой эле "КР Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 13 жана 17-беренелерин аткаруу максатында кабыл алынды.

Токтом менен өзгөчө мүнөздөгү жумушчулардын жаңыланган тизмеси жана алардын жумуш убактысынын ченеми бекитилди. Ага ылайык, иштин өзгөчөлүгүнө жана кесиптик тобокелдик деңгээлине жараша жумуш күнү негизинен 6 же 5 саат деп белгиленди.

Кыскартылган жумуш күнү төмөнкүлөр үчүн белгиленди:

инфекциялык, кургак учук жана психиатриялык оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болгон медицина кызматкерлерине;

реабилитациялык борборлордун, физиокабинеттердин жана патологоанатомиялык кызматтардын кызматкерлерине;

тез жардам станцияларынын, кан борборлорунун жана лабораториялардын персоналына;

дарыканалардын, фармацевтикалык өндүрүштөрдүн жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөчү лабораториялардын кызматкерлерине;

соттук-медициналык экспертиза кызматынын эксперттерине;

радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштеген адистерге;

социалдык мекемелердин, үй-интернаттардын жана балдардын адистештирилген мекемелеринин кызматкерлерине;

лабораториялык-диагностикалык кызматтын жумушчуларына.

Өлүк материалдары, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар жана радиация булактары менен иштеген айрым категориялар үчүн жумуш күнү 5 саат деп белгиленди.

Токтом төмөнкүлөрдүн күчүн жоготту деп тааныйт:

Өкмөттүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 токтомун;

Өкмөттүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 131 токтомун.

Жаңы токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости