www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Луи Брайль Франциянын Купврэй аттуу чакан айылында жөнөкөй устанын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы өтүкчү жана териден буюм жасачу, үйүнүн жанында чакан устаканасы бар эле. Луи кичинекей кезинен эле атасынын жанынан чыкпай, анын ар бир кыймылын кызыгуу менен карап чоңойгон. Бирок үч жашында анын тагдыры биротоло өзгөрүп, оор сыноого кабылды.

Бир күнү атасынын устаканасында ойноп жатып, курч аспап көзүнө сайылып кетет. Алгач бир гана көзү жабыркагандай көрүнгөн. Бирок көп өтпөй инфекция күчөп, экинчи көзүнө да өтөт. Дарыгерлер эмне кыларын билбей, оор абалда калышат. Ошентип, кичинекей Луи толугу менен сокур болуп калат.

Ата-энеси үчүн бул кайгыны сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес эле. Алар: «Эми биздин балабыз кандай жашайт? Кандай тагдыр күтүп турат?» — деп күндө ыйлашчу. Бирок Луини ата энеси элден жашырып койгон жок, тескерисинче, аны мүмкүн болушунча башка балдардан айырмалабай тарбиялоого аракет кылышты.

Луи көрбөсө да, уккандарын бат жаттап, суроолорду көп берип, өзгөчө зээндүүлүгүн көрсөтө баштайт. Анын акылы мугалимдерди таң калтырчу. 10 жашка чыкканда ал Париждеги Азиз балдар үчүн улуттук институтка кабыл алынат.

Бирок бул мектепте билим алуу оңой эмес болчу. Ал кездеги сокурлар үчүн китептер чоң тамгалар менен калың кагазга басылып, манжа менен сыйпалап окула турган. Мындай китептер өтө оор, кымбат жана эң негизгиси — окууга жай, ыңгайсыз эле. Андан да оор жагы — сокур адамдар окуй алышканы менен, өз алдынча жаза алышчу эмес.

Луи муну адилетсиздик катары кабыл алды. Ал ичинен: «Эмне үчүн биз окуй алабыз, бирок өз ойлорубузду жаза албайбыз?» — деп көп ойлончу.

Бир күнү институтка француз аскери Шарль Барбье келип, аскерлер үчүн ойлоп тапкан чекиттүү “түнкү жазуу” системасын көрсөтөт. Бул система караңгыда окуу үчүн ылайыктуу болчу, бирок өтө татаал эле. Ошол учурда Луинин ичинде чоң ой жаралат: чекиттер аркылуу жазуу — сокурлар үчүн эң туура жол.

Ал күндүз да, түнкүсүн да ойлонуп, кайра-кайра аракет кыла баштайт. Манжалар оңой сезе турган, жөнөкөй, так жана бат окулуучу система керек эле. Акыры, 15 жашында ал 6 чекиттен турган алиппени түзөт. Бул система менен сокур адамдар биринчи жолу эркин окуп гана тим болбостон, өз алдынча жаза да башташат.

Бирок таң калычтуусу — бул кубанычтуу жаңылык дароо кабыл алынган жок. Көргөн мугалимдер:
«Бул биз үчүн түшүнүксүз», «Сокурлар чоң тамгаларды эле окуй берсин» — деп каршы болушкан.

Луи Брайль өзү сокур болсо да, ошол эле институтта мугалим болуп иштей баштайт. Ал балдарга өз системасын жашыруун үйрөтө баштайт. Балдар бул алиппени бат эле өздөштүрүп алышат. Алар биринчи жолу эркин билим ала баштаганда, бул ыкманын күчүн баары түшүнөт.

Луи ден соолугу начар, оорулуу адам болгон. Ал туберкулёз оорусунан сакайбай, 1852-жылы болгону 43 жашында көз жумат. Өмүрүндө өз эмгегинин дүйнөгө тийгизген таасирин толук көрө алган эмес.

Бирок анын өлүмүнөн кийин гана дүйнө анын мыктылыгын түшүндү. Брайль алиппеси адегенде Францияда, андан соң Европада, кийин бүт дүйнөдө кабыл алынды. Бүгүн бул алиппе жүздөгөн тилдерде колдонулуп, миллиондогон сокур адамдарга билимдин, илимдин, музыка менен адабияттын эшигин ачты.

Луи Брайль азиздерге көздүн жарыгын кайтарып берген жок. Бирок ал караңгылыкта жашагандарга жол көрсөттү. Ал көзү азиздердин билим алуусуна жол ачты.

Бүгүнкү күнгө чейин анын ойлоп Брайль алиппеси миллиондогон адамдарга пайдасын тийгизип,
аларга окууга, жазууга, ойлонууга мүмкүнчүлүк берип келет. Кээде адамдын башына түшкөн эң чоң кайгы
башкалар үчүн өчпөс үмүткө айланат.

Луи Брайль — дал ушунун тирүү далили.

Замир Сапар, Түркия

Последние новости