www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гренландия АКШ үчүн стратегиялык жактан өзгөчө мааниге ээ. Анткени ал өлкөнүн коопсуздугун деңизден да, асмандан да коргоодо негизги ролду ойнойт. Арал Атлантика менен Арктиканын кесилишинде жайгашып, АКШга Европадан жана Евразиядан келиши мүмкүн болгон коркунучтарды эрте аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Гренландияда АКШнын жалгыз, бирок өтө маанилүү аскердик “Питуффик” базасы жайгашкан. Бул жерде ракета чабуулун алдын ала эскертүүчү радарлар жана космостук байланыш системалары бар. Алар Орусия тараптан болушу мүмкүн болгон баллистикалык коркунучтарды көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Атлантика океаны АКШ үчүн табигый коргонуу катары кызмат кылып келген. Бул багыттан Орусия да, Кытай да түз коркунуч жаратпайт. Бирок Арктиканын муздары эрип, жаңы деңиз жолдору ачылган сайын, Гренландиянын мааниси өсүүдө. Ал АКШга Арктикадагы аскердик жана саясий таасирин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Дональд Трамптын Гренландия тууралуу катаал билдирүүлөрү дал ушул факторлор менен түшүндүрүлөт. Маселе экономикада же аймактык кеңейүүдө гана эмес, АКШнын узак мөөнөттүү коопсуздук стратегиясында жатат. 

Гренландия – Атлантикадагы “өтмөк” жана АКШнын космостук жана ракеталык коргонуу чынжырынын маанилүү бутагы болуп эсептелет.

Последние новости