www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы соцтармактарда асынып каза тапкан келин тууралуу милиция маалымат бербей жатат деген билдирүүлөр чыккандан кийин окуяга байланыштуу кабар таратты.

Анда 10-январь күнү Манас шаарынын 40 жаштагы тургуну И. В. аттуу аялдын сөөгү өз үйүндө асынган абалда табылганын шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) "Тез жардам" кызматы кабарлаганы жазылган.

Маалыматка караганда, бул фактыны Манас шаардык милициясынын тергөө кызматы электрондук журналына каттап, тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштаган. Анын жүрүшүндө, маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

Последние новости