www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин мүчөсү Рэнди Файн мыйзам чыгаруучу органга «Гренландияны аннексиялоо жана ага штат макамын берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кароого сунуштады.

Документ АКШ Өкүлдөр палатасынын расмий сайтында жарыяланды.

«Ким Гренландияны көзөмөлдөсө, ал Арктикадагы негизги деңиз жолдорун жана АКШны коргогон коопсуздук архитектурасын да көзөмөлдөйт», — деп белгиледи Файн. Анын айтымында, АКШ кырдаалды Штаттардын баалуулуктарын сыйлабаган жана өлкөнүн коопсуздугун алсыратууга умтулган «режимдердин колуна» калтыра албайт.

Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмөдө АКШ президенти Гренландияны өз аймагы катары алуу үчүн «зарыл болгон бардык кадамдарды жасоого» ыйгарым укук ала алары көрсөтүлгөн. Ошондой эле Конгресске Гренландияны АКШнын штаты катары кабыл алууну аяктоого мүмкүндүк бере турган мыйзамдардагы өзгөртүүлөр камтылган толук отчет сунушталышы керектиги белгиленет.

Буга чейин президент Дональд Трамп АКШ Гренландияны «андай же мындай жол менен» көзөмөлүнө ала турганын айткан. Анын ишениминде, эгер андай болбосо, аралга Кытай же Россия доо коюшу мүмкүн.

Последние новости