www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук кардиология жана терапия борбору (НЦКиТ) менен Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун жетекчилери кызматтан кетишти. Буга аталган мекемелердин жетекчилеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган кайдыгер шалаакылыгы себеп болгон.
Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун күтүүсүз текшерүүсү бир нече олуттуу маселени ачыкка чыгарды. Иштебей турган жабдуулар, коррупциялык шек жана эң кооптуусу бейтаптардын өмүрүнө түз таасир эткен алешемдиктер калкып чыкты. Башкача айтканда, ресурстун эмес, жоопкерчиликтин жоктугу негизги көйгөй экени алканга салгандай көрүндү.
Демек, чирип калган тармакты оңдоо үчүн УКМК тармагындагы кадрдын министр болуп келгени туура чечим болгондой. Болбосо ал жердеги жедеп чырмалышып калган көйгөйлөрдү чечүү башкалардын колунан кебей тургандай эле кырдаал өкүм сүрүп калыптыр.