www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жеңил унаа менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июль күнү саат 17:10до Форд Фокс жана Мерседес-Спринтер унааларынын катышуусунда жол кыргысы катталды. 

Жол кырсыгынан 3 адам жабыркаган. Форд Фокс унаасынан 2 киши, Мерседес-Спринтерден 1 адам жабыркады. Учурда жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатышат. Ал эми унаалар айып короосуна токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости