www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн маалыматтык-окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын ЖРЭТКМдин Кыргыз геологиялык кызматынын директору, министрдин орун басары А. Турсуниязовдун төрагалыгы алдында расмий ачылды.

Ал жер казынасын пайдалануучулардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгынын, мыйзам талаптарын сактоонун жана төлөмдөрдү/каржылык лицензиялык милдеттенмелерди өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чара лицензия ээлеринин өлкөнүн мыйзам талаптары боюнча маалымдуулугун жогорулатууга, отчеттуулукту тапшыруу тартибин жана салыктык эмес төлөмдөр (СУЛ) боюнча милдеттенмелерди аткарууну түшүндүрүүгө, ошондой эле жер казынасын пайдалануу тармагында башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Программанын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Ж. Жусубалиев жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекеттик салык кызматынын (МСКнын) кызматкерлери М. Акжолова жана О. Молдобаев СУЛ боюнча отчетту толтуруу жана эсептөө маселелери боюнча кеңири түшүндүрмө берип, ошондой эле отчетту салык төлөөчүнүн электрондук кабинети аркылуу тапшыруу тартибин көрсөтүштү.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы №758 токтому менен 2022-жылдын 12-августундагы №449 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөргө бурулду. Бул өзгөртүүлөр тиешелүү төлөмдөрдү башкаруу механизмдерин жакшыртууга багытталган.

Жыйындын натыйжалуулугун жогорулатуу жана пикир алмашуу үчүн күн тартибинин алкагында лицензия ээлерине «Суроо - жооп» форматында бизнес коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосунда кызыктырган маселелерди практикалык чечүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Жыйындын жыйынтыгында жер казынасын пайдалануучулар тарабынан МСКга жана Кыргыз геологиялык кызматына маалымат алмашуу жана иш процессинде жаралган маселелерди чечүү үчүн мындай аянтчаны уюштургандыгы үчүн оң пикирлер айтылды.

 

Последние новости