www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 25 жаштагы жигит өзү теңдүү кызды өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБнен билдирди.

Окуя 4-майда Чүй проспектисиндеги көп кабаттуу үйдө болгон.

Милиция кызматкерлери 1997-жылы туулган Ч.Д. кызганычтан улам 1997-жылы туулган Д.А. аттуу кыздын мойнуна бычак сайганын аныкташты. Андан соң жигит өзүнүн мойнуна бычак сайган. Кыз ооруканага жетпей көз жумган, ал эми жигит Улуттук хирургия борборуна жеткирилген, ал комада.

Аталган факт Жазык кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталды. Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости