www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Кыргызстандан чыгып кетишинин себебин айтты.

«Манас эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөгө даңаза кылып өткөргөнүбүз менен улуу касиеттин алып жүрүүчү болгон манасчыларыбызга, төкмө акындарыбызга, дастанчыларыбызга кош көңүл мамиле жасалып, мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бөлүнбөй келген экен. Президент Садыр Жапаров тарыхтын бул аласын, катасын оңдоп, бул өнөрдүн ээлерине өзгөчө көңүл бөлө баштады.

Алгач мамлекеттик Манас театры негизделип, андан соң ага улуттук статус берилди. Өлкө жетекчилиги улуу өнөрдүн ээлери татыктуу айлык-акы алып, турмуш шартынан кыйналбасын деп айлык-акыны дагы татыктуу коюп берди. Ушул күндөрү манасчылар, төкмө акындар, дастанчыларыбыз эч кимдин көзүн карабаган, мамлекеттик камкордугундагы өнөр ээлерине айланды.

«Манас эпосу – кыргыз элинин рухий дүйнөсүнүн туу чокусу», - деп Чыңгыз Төрөкулович айткандай, бул өнөр жылоологон таланттарга мамлекет камкордугун мындан ары дагы улантат.

Эми көңүл жылытарлык иштер жасалып жатканда, көңүлдү иренжиткен дагы адамдардын чыгары турган иш экен. Андай окуянын бири Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду.

Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем. Эми президент өзү барып, жаңы Манас айылы кандай болорун көргөзүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым.

Ырамандын Ырчы уулу, Токтогул, Сагымбай, Саякбай эмне Манастын ишинен күмөн санап, сөзүн калп көрүп, терсаяктанышат беле? Же Балык ооз манасчы Байтиктин айтканын жалган дейт беле?

Дөөлөт Сыдыков Гиннес китепке эң узак Манас айткан манасчы катары кирем деп, өзүн Саякбайдан өйдө көрүп жүргөндөн көрө, алар кандай адам болгонун өздөштүрсө болмок экен.

Кыргыздын тарыхында эч бир манасчы ордуман турбай, тыным албай узак Манас айтам деп Манастын кадырына шек келтирген эмес. Гиннестин китебине кимдер гана кирбейт? Ити да кирет, бити да кирет.

Мен Ала-Тоо аянтына туруп алып, 14 саат бою муктаждыгын аткарып дагы койбой, Манас айтканда бул адамдын максаты кандай деп таң калгам. Аны Манас айтуу дебейт, аны өзүн-өзү кыйноо дейт. Көрсө Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп тура», - деп белгилеген Байсалов.

Буга чейин «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып, аталган комплекстин директору Дөөлөт Сыдыков кайрылуу жасаган. Манасчы ошондой эле, «Манас айылынын» айланасындагы окуяларга байланыштуу өзүнө карата коркутуулар болуп жатканын да билдирген.

Эске салсак, буга чейин «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин директору Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган

Булак: NazarNews.kg

Последние новости