www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Президент Садыр Жапаровго жана бийлик өкүлдөрүнө Кайрылуу жасады.

Төмөндө кайрылуунун текстти толугу менен:

КР Президенти Садыр Нургожоевич,

УКМК башчысы Камчыбек Кыдыршаевич,

КР Башкы Прокурору Курманкул Токторалиевич,

КР ЖК Спикери Талант Турдумаматович,

Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Үсөнбекович!

Бир нече айдан бери "Манастын айылы" маданий этнографиялык комплексинин жерин белгисиз топ басып алуу аракетин кылып келишкен.

12-апрель күнү жумуш убактысынан кийин "Ысык-Көл" мейманканасынын ордунда иштеп жаткан курулуш компаниясынын кызматкерлери эч бир документ же уруксаты жок комплекстин тосмолорун талкалап, мыйзамсыз басып алуу аракеттерин кылышты. Бул ишти Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Тилек Баатырканов дагы колдоп, бирок, кайсы жана эмне документтин негизинде комплекстин жерин алууну көздөдүңөр деген суроомо так жооп бере алган эмес.

Бүгүн 13-апрелде "Биз Өкмөттүн адамдарыбыз" деген Марат Турсунбеков (каймана аты рыжий Марат) жана мурдагы ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу тосмонун фундаменттеринен бери талкалатып мыйзамсыз иштерин токтоосуз улантышты. Өзүм билемдикке салган бул "өкмөтчүлөр" мобилдик телефонго видеого тартып жаткан жигиттин колунан Дамирбек Асылбек уулу телефонду күч менен тартып алып, видео материалдарды өчүрдү.

Биз мыйзамдуулукка баш ийген мамлекетте жашасак анда, бул кылган зөөкүрлүккө жооп берүүлөрү керек. Эгемендүүлүк алгандан бери Манас атабызга бөлүнгөн жерди, эми эрте турганы келип талаша бергени акылга сыйбаган иш!

"Манас" эпосунун үчилтиги 157 мамлекеттин колдоосу менен "Материалдык эмес руханий мурас" катары ЮНЕСКОго жана Бириккен Улуттар Уюму (ООН) тарабынан колдоого жана коргоого алынган.

Эгер "Манас" эпосу өз жеринде өнүктүрүүгө жана сактоого колдоо таппаса дүйнө коомчулугунун алдында өлкөнүн беделине шек кетет. Дүйнөдө теңдеши жок

"Манас"эпосун өнүктүрүүгө жана жайылтууга ушундай тоскоолдуктар улана берсе, жогорудагы уюмдарга коргоп берүү үчүн кайрылууга муктаж болобуз.

Өлбөй кал, Манас өлбөй кал!

Оо, дүйнө жүзүн көрбөй кал,

Жан жаратса кудурет

Мындай болгон шумдукту,

Пендесине бербей кал!

( Манас эпосунан үзүндү)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости