www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык белгилүү балбан, эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргызстанга жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 81 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ал 2026-жылдын 3-октябрына караган түнү узакка созулган оорудан кийин көз жумган. Жеңиш Дөңбаевдин дүйнөдөн кайтышы кыргыз спортчулары жана жалпы спорт коомчулугу үчүн оор жоготуу болду.
Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 1945-жылы 12-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. Күрөш менен 1965-жылдан тарта машыгып, 1972-жылга чейин спорттук карьерасын уланткан. 1969–1972-жылдары эркин күрөш боюнча СССРдин курама командасынын мүчөсү болгон.
Ал студент кезинде республиканын бир нече жолку чемпиону болуп, Бүткүл союздук «Буревестник» спорт коомунун борбордук кеңешинин жана СССР профсоюздарынын X спартакиадасынын чемпиону болгон. Ошондой эле 1969–1970-жылдары СССРдин студенттер арасындагы биринчилигинде алтын медаль тагынган.
1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн Жеңиш Дөңбаев өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн спортко арнаган. 1970–1991-жылдары республикадагы спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген.
1991–1996-жылдары Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу, 1996–1999-жылдары башкы машыктыруучусу болуп иштеген. Ошондой эле Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарды тарбиялаган.
1999–2009-жылдары күрөш жана бокс боюнча адистештирилген «Олимпиадалык резервдер» мектебинин директору болуп, жүздөгөн жаш спортчулардын чемпион болушуна салым кошкон. 2009–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборун жетектеген.
2011-жылдан тарта машыктыруучулук ишин улантып, өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин Бишкек шаарындагы Ленин райондук балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги «Илбирс» спорт мектебинде жаш балбандарга тажрыйбасын үйрөтүп келген.
Жеңиш Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап өстүргөн. Анын шакирттеринин арасында Кенжебек Өмүралиев, Чынарбек Изабеков, Нурбек Изабеков, Максат Бобурбеков, Нурдин Дөңбаев, Алмазбек Аскаров, Асейин Төрөгелдиев, Байгазы Кенжебаев, Руслан Мажинов, Болот Өмүракунов, Ислам Тазабеков жана башка жүздөгөн чемпиондор менен спорт чеберлери бар.
Алардын ичинен Кенжебек Өмүралиев СССРдин алты жолку, Европанын төрт жолку чемпиону, СССР элдеринин спартакиадасынын жана Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери болгон.
Эгемендик жылдарында Жеңиш Дөңбаев тарбиялаган балбандар Кыргызстандын намысын эл аралык мелдештерде коргоп, өлкөнүн күрөш спортун дүйнөгө таанытууга чоң салым кошушкан.
Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2001-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына ээ болгон. Ошондой эле бир нече жолу «Жылдын мыкты машыктыруучусу» деп табылган.
Жеңиш Дөңбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты жана аза күтүү митинги 6-октябрда «Жаштык Аренада» өтөт. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Жеңиш Дөңбаевдин жаркын элеси кыргыз спортунун тарыхында жана анын шакирттеринин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.