www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Украинага 1,3 миллиард евродон ашык көлөмдө жаңы жардам пакетин бөлөт. Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц 4-октябрда Киевге болгон сапары учурунда билдирди.

Жардамдын болжол менен 1 миллиард евросу аскердик багытка жумшалат. Анын курамына алыскы аралыкка сокку уруучу куралдар, согуштук дрондор жана спутниктик технологиялар кирет.

Мындан тышкары, 350 миллион евро Украинанын энергетикалык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө багытталат. Бул каражат электр көмөкчордондорун оңдоого, генераторлорду алууга жана энергетикалык системаны кыш мезгилине даярдоого жумшалмакчы.

Мерцтин Киевге сапары учурунда Германия менен Украинанын ортосунда коопсуздук, курал-жарак өндүрүшү жана башка тармактар боюнча бир катар келишимдер да түзүлдү. Алардын жалпы суммасы 8,5 миллиард евродон ашат.

Последние новости