www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган «Элдик» депутаттык тобу Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Алгач Төрага 21 чакырымдык Кайрагач–Бешкент–Андархам унаа жолунун абалын көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын укту. Ал чек ара аймактарындагы жолдорду жакшыртуу жергиликтүү калктын жашоо шартын жеңилдетип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө шарт түзөрүн белгиледи. Быйыл 5 чакырым жолдун курулушун аяктоо талабы коюлду.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Карл Маркс (Андархам) айылындагы А. Бабаханов атындагы мектептин абалы менен таанышты. 1972-жылы курулган негизги корпус учурда жараксыз абалда болгонуна карабай, анда 564 окуучу эки нөөмөттө билим алууда. Мектеп үчүн 375 орундуу жаңы имараттын долбоордук-сметалык документтери даярдалган.

Төрага балдардын коопсуздугуна байланышкан маселелерди создуктурбай чечүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Эски-Оочу айылындагы А. Момунов атындагы мектептин абалы каралды. 270 окуучуга ылайыкталган имарат 1996-жылы толук бүтпөгөн абалда пайдаланууга берилген. Учурда анда 350 окуучу эки нөөмөттө билим алат. Жаңы мектеп куруу үчүн 1 гектар 73 сотых жер бөлүнгөн.

Иш сапардын жүрүшүндө Жаштык–Борбордук–Арка багытындагы 9 чакырымдык жолдун абалы да каралды.
Мындан тышкары, Төрага Сүлүктү шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтуна барып, окуу жайдын инфраструктурасы, материалдык-техникалык базасы жана билим берүү шарттары менен таанышты. Жолугушууда педагогдор менен студенттердин сунуш-пикирлери угулду.

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин атынан институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, анын ичинде медициналык жабдууларды жана техникалык каражаттарды алууга көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.

Андан соң Жеңиш айылындагы «Жеңиш» орто мектебинин жана «Балажан» бала бакчасынын абалы каралды. 1976-жылы 120 орунга эсептелип курулган мектепте учурда 312 окуучу билим алат. Имарат авариялык абалда деп табылып, 375 орундуу жаңы мектеп куруу сунушталган. Ал эми 1965-жылы курулган бала бакчанын имараты да авариялык абалда болгондуктан, жаңы имаратка муктаждык бар.

Төрага билим берүү жана социалдык объектилерди куруу маселелерин тез арада чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш сапарга «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Последние новости