www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында калаанын 3026 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Борбордук стадиондо майрамдык гала-концерт уюштурулуп, ага 30 миңден ашуун көрүүчү катышты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев катышып, калаанын акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерине токтолду.
Мэрдин айтымында, шаардын мааракесине карата президент Садыр Жапаров инфраструктураны өнүктүрүүгө кошумча 2 миллиард сом бөлгөн.
Майрамдык концертте жергиликтүү артисттер, маданияттын мыкты кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстан жана Өзбекстандын популярдуу эстрада өкүлдөрү — JAX 02.14, Амирчик, Жийдеш Идрисова жана Хамдам Собиров өнөр тартуулашты.