www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африка континенти миллиондогон жылдардан кийин эки бөлүккө ажырап, анын ортосунда жаңы деңиз же океан пайда болушу мүмкүн. Мындай божомолду Улуу Британиядагы Лидс университетинин окумуштуулары айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Адистердин пикиринде, Эфиопиянын чөлдүү аймагында болжол менен 20 жыл мурун аныкталган ири жараканын өзгөрүү процесси изилденген. Изилдөөнүн жыйынтыгында континенттик жарака акырындык менен океандык жаракага айланып баратканы белгиленген.

Окумуштуулар бул геологиялык процесс Африканын экиге бөлүнүшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгилешүүдө. Натыйжада континенттин бөлүктөрүнүн ортосунда жаңы суу мейкиндиги пайда болушу ыктымал.

Бирок адистер бул өзгөрүү жакынкы жылдары же кылымдарда эмес, миллиондогон жылдардан кийин гана болушу мүмкүн экенин эскертишет.

Маалымат үчүн: Африкадагы мындай геологиялык өзгөрүүлөр Жер кыртышындагы плиталардын кыймылы менен байланыштуу.

Последние новости