www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-октябрында жаңы «Бишкек Аренанын» расмий ачылыш аземи өтөт. Көрүүчүлөрдүн көп келиши жана «Бишкек Аренанын» аймагындагы транспорттук жүктөмдүн жогору болушу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Бул максатта 5 миң милиция кызматкери тартылат.
ИИМден билдиришкендей, аренага жакын аймактарда жеке автоунаалардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Концертке келген көрүүчүлөрдү иш-чара өтүүчү жерге жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустардын жүрүүсүнө уруксат берилет.
Ички иштер министрлиги жарандарга маршрутун чектөөлөрдү эске алуу менен алдын ала мерчемдеп, милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууну жана каралган коомдук транспортторду пайдаланууну сунуштайт.
Мындан тышкары, 5-октябрда Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматка өтөт.
Көрүлүп жаткан чаралар «Бишкек Аренанын» ачылыш аземи өтүп жаткан учурда коомдук тартипти камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторунун эркин жүрүп-туруусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.