www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Акыркы убактагы доллардын туруксуздугунун карапайым элге тийгизген таасири бир топ болууда. Мисалы кредит төлөп, соода жүгүртүү ж.б. дагы тараптар да кыйынчылыктар жаралбай жаткан жок. Бул абал дагы канча убакытка уланчудай?
- Эми доллардын курсу дагы бир-эки ай туруксуз болуп турат. Анан реалдуу курсу 90-95 сом чыгат. Негизи, кредиттерди доллар менен алгандарга азыркы 86 сомдун курсу менен бекитип коюш керек.
Буга өкмөттүн, Улуттук банктын чечими керек. Ошондо абал кичинеден турукташмак жана социалдык абал бир аз тынчыраак болмок. Ал эми доллардын курсу кымбат болгону биздин продукция үчүн атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берет.
Бирок, кайра эле өкмөттүн жардамы керек. Атамекендик өндүрүшчүлөргө соода үчүн абал кыйыныраак. Анткени импорттолгон буюмдар доллардын курсуна байланган. Ошондуктан, коңшу мамлекеттер менен улуттук валюта аркылуу соода жүргүзүүнүн жолдорун табуу зарыл.
Өзгөчө Россия, Казакстан, Беларусь, Армения, Түркия жана Кытай мамлекеттерине байланышуу, алака кылуу учур талабы.
Булак: Азия News гезити