www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ыйман нуру” фракциясынын депутаты экс-губернатор  Султанбай Айжигитов ЖКнын отурумунда мурунку гүбүрнатыр Балбак Түлөбаевке кайрылып, анын бир жылга жетпеген, үч ай гана убак гүбүрнатыр болгонун баса белгилеп, өзү төрт жылдан ашык гүбүрнатыр болгонун саймедиреди. “Күбүр-күбүр кеп угам, гүбүрнатыр деп угам” –деп угам деп кыргыздар ак падышалардын тушунда Түркестан, Жети-Суу губерниясынын губернаторлору тууралуу айткан. Ал кезде ал губернияларга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын бир топ аймактары кирген. Биздин кыргыздар Пишпек, Фергана, Наманган, Олуя-Ата, Самаркан үйөздөрүнө кирген. Баткен, Ош облустары Фергана үйөзүнө, Жалал-Абад, Ош облусунун бир топ аймактары Наманган үйөзүнө, Талас Олуя-Ата үйөзүнө, Ысык-Көл, Чүй, Нарын  Пишпек үйөзүнө баш ийген. Султанбай Айжигитов жетектеген Лейлектен Самаркан үйөзүнө кошулган айылдар бар. Султанбай Айжигитов жайлоодогу жайыттар тууралуу мыйзам толугу менен элдин кызыкчылыгына каршы келгенин белгилеп, 500 миң гектарга чейин жайыттарды ижарага берүү туура эместигин айтты. Айжигитов 2005-жылдын 11-апрелинен 2008-жылдын 11-январына чейин, 2010-жылдын 2-сентябрынан 2011-жылдын 19-январына чейин Баткен облусунда гүбүрнатыр болсо, Түлөбаев Ысык-Көл облусунда 2020-жылдын 27-июлунан, 2020-жылдын 27-октябрына чейин гүбүрнатыр болгон.

Аскерлерге бийлик бергенде генералдарга аймактарды тейлете баштайт. Оливер Кромвель Англияны 12 губернияга бөлүп, өзүнө баш ийген генералдарга тейлеткен. Орусия ак падышалары да аймактарын губернияга бөлүп генерал-губернаторлорго бийлик берип келген. Облустун, ага тете борбордун жетекчилери тууралуу сөз кылсак, булар “курсактары менен сүзүшсө” мамлекет жетекчисине чейин жетет экен. Турдакун Усубалиев Фрунзенин “горкомунан, Апсамат Масалиев Ысык-Көлдүн обкомунан республика жетекчиси болушкан. Курманбек  Бакиев Чүйдүн губернаторунан, Сооронбай  Жээнбеков Оштун губернаторунан президент болушкан.

Губернатордон өкмөт башчысы болгондор Апас Жумагулов (Чүй), Насирдин Исанов (Ысык-Көлдө облисполком), Борис Силаев (Бишкек мэри), Кубанычбек Жумалиев (Ош), Жумабек Ибраимов (Бишкек мэри), Амангелди Муралиев (Бишкекгорисполком), Курманбек Бакиев (Чүй), Феликс Кулов (Бишкек мэри), Жантөрө Сатыбалдиев (Ош), Сооронбай Жээнбековдор (Ош).Совет учурунда Султан Ибраимов (Ош), Сүйүмбаев (Ош), Матен Сыдыков (Нарын), Жумгалбек Аманбаев (Нарын-Ысык-Көл), Үсөн Сыдыков (Ош) деген залкар обкомдор болор эле. Эгемендүүлүк алганы элге таанымал губернаторлору:  Кемел Ашыралиев, Жумагул Сааданбеков, Ташкул Керексизов, Мамат Айбалаев, Бекболот Талгарбеков, Аскар Салымбеков, Жусуп Шарипов, Жусупжан Жээнбеков,  Туйгуналы Абдраимов, Бектур Асанов, Шамшыбек Медетбеков, Алмазбек Акматалиевдер.

Баткен облусунда: Мамат Айбалаев, Аскар Шадиев,   Султанбай Айжигитов, Жеңиш Разаков, Өмүрбек  Суваналиевдер.

Нарын облусунда: Бейшенбек Болотбеков, Аскар Салымбеков, Шамшыбек Медетбеков, Алмазбек Акматалиевдер.

Ош облусуна: Жаныш Рустенбеков, Накен Касиев, Узарбек  Жылкыбаев, Таалай Сарыбашевдер.

Талас облусуна: Ташкул Керексизов,  Дастан Сарыгулов, Койсун Курманалиевалар,

Жалал-Абад облусуна: Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кыянбек Сатыбалдиевдер.

Ысык-Көл облусуна  Жумагул Сааданбеков, Токон Шайлиева, Жусуп Шарипов, Балбак Түлөбаев, Исаевдер сыяктуу губернаторлордун тизмеси бар, булар чети гана.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости