www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жолдогу жаңжалдан кийин эки бир тууган бычактан жаракат алды. Алардын бири оор абалда ооруканада жатат. 

Маалыматка ылайык, окуя 18-июлга караган түнү Горький менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучулардын айтымында, Jetour үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү жол талаштан кийин алардын артынан кууп келип, унаасын токтотууга мажбурлашкан. Андан соң экөө унаадан түшүп, бир туугандарды сабап, бычак менен бир нече жолу сайып кетишкен.

Жаракат алгандар өз күчү менен ооруканага жетүүгө аракет кылышкан. Дарыгерлер бир туугандардын бирине шашылыш операция жасап, анын өпкөсү жабыркаганын аныкташкан. Учурда ал оор абалда.

Бишкек шаардык Октябрь РИИБи бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Шектүү катары 1996 жана 1998-жылы туулган эки жаран кармалып, соттун чечими менен 15 суткага тергөө абагына камалды. Тергөө иштери уланууда.

Последние новости