www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-июлунан тартып Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоонун бешинчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Реконструкция убагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы жабылат.

Унаалардын кыймылы эки багытта тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо менен жолдун каршы тарабы аркылуу уюштурулат.

Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес. Унаалардын эки багыттагы кыймылы жүрүүчү бөлүктүн бир тарабы менен жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кароого, жол белгилеринин талаптарын жана жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн сактоого, ошондой эле мүмкүн болсо жүрүү багытын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Последние новости