www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жол киренин баасы кымбаттады

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол киренин баасын 1-ноябрдан көтөрүүгө макулдук берди. Тиешелүү токтомду депутаттар бүгүнкү сессияда кабыл алды.

Ага ылайык, маршруткадагы жол акы 15, автобус менен троллейбустардыкы 11 сомго жогорулайт.

Вице-мэр Таалайбек Орозов токтом долбоорунда экспресс маршруткаларга өзүнчө тариф коюлбаганын кошумчалады.

"Бул маршрут жакшы ой менен ишке киргизилген. Мисалы 12-кичи райондон чыккан экспресс маршрутка "Дордой" базарына чейин төрт эле аялдамадан токтошу керек. Ошон үчүн ага жогорку тариф коюлган. Бирок алар артыкчылыктарын колдонуп, ар бир көчөнүн кесилишине да токтоп жатат. Эми андай артыкчылык берилбейт", — деди Орозов.

Экпресс маршруттардын жол киреси 17 сом болчу.

Депутат Манас Абдыллабек уулу тарифти быйыл 13 жана 11 сомдон баштап, андан соң жыл сайын этап-этабы менен жогорулатууну сунуштады.

Ал эми Кадыр Атамбаев жол кирени көтөрүүгө каршы чыгып, андан көрө фирмалардын ишин жөнгө салуу керектигин айтты.

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Ушундай эле көрүнүш январь айында дагы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости