www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өзүбүздү эле ойлобой кыйынчылыкка кептелген мамлекеттерге да кол сунсак, эл аралык аброюбуз өсөт», - деди бүгүн, 28-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.

- Нарынбек Молдобекович, Ооганстанга гуманитардык жардам бергенибиз талибдердин өмөтүнүн тааныганыбызбы?

- Ооганстанга өмүр бою Ооганстан боюнча иштеген профессионал адис Масадыков гумжардам алып барып, талибдердин тамырын тартып, келечектеги ойлорун билүүгө аракет кылды деп ойлойм.

Анын барышы талибдердин бийлигин тааныды дегенге жатпайт. Анткени, дүйнө жүзү ошондой кадамга барып, тааныйбыз дегенче Кыргызстан озунуп тааныдык дегенибиз эртерээк болуп калат.

Бирок, учурда Ооганстанга кол кабыш кылганыбыз, алардын 500 студентин окутабыз дегенибиз туура. Анткени, Ооганстандын 500 студентин Кыргызстандан окушуна мүмкүнчүлүк берели дегени кыйналган мамлекетке кол сунуу деп түшүнөм. Мунун баары саясий жагынан туру эле кадамдар. 

Анткени, Ооганстандагы окуялар Орто Азияны эле эмес, дүйнө жүзүн да санаркатып жатат.

- Бирок, өзүбүзгө жетпей жатса, башкаларга неге кол сунабыз дегендер да четтен чыгып жатат го?

- Туура. Президенттин бул кадамын сындап, каршы чыккандар дагы толтура. Мисалы, Кыргызстандагы мектеби жок айылдарга мектеп салгыла. Бөлөк бирөөнүн балдарын окутканча Кыргыздын балдарын окутпайсыңарбы дегендей да пикирдегилер бар.

Бирок, согуштун учурунда Кыргызстан кыйналып жатканына карабай Ленинграддын институттары көчүрүп келип, аларды калкалаган. Ошондой эле канчалаган жетимдерди Кыргызстан баккан.

Башка мамлекеттен айдалып келген кавказ улутундагылар да бизге келип, баш калкалаган. 1934-жылкы чоң ачарчылыкта деле Казакстандын элин Кыргызстанга киргизип, ачарчылыктан алып калган.

Кыскасы, президенттин Ооганстандын башына кыйын күн түшкөндө кол-кабыш кылганы туура эле кадам деп ойлойм. Өзүбүздү эле ойлобой кыйынчылыкка кептелген мамлекеттерге да кол сунсак, эл аралык аброюбуз өсөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости