www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 29-сентябрда боло турган Сочидеги сүйлөшүүдө Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эл аралык актуалдуу маселелерди, ошондой эле Москва менен Анкаранын ортосундагы экономикалык жана саясий өнөктөштүктү талкуулашат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

«Сирия, Ливия, Ооганстан жана Закавказьедеги кырдаалды өнүктүрүү сыяктуу эл аралык актуалдуу маселелер боюнча да терең пикир алмашуу болот», - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Эрдоган Анкаранын Орусиядан S-400 зениттик-ракеталык комплекстеринин (SAM) дагы бир партиясын сатып алуу ниетин билдирген. Саясатчы Түркия эгемендүү өлкө катары башка мамлекеттерден курал сатып алуу боюнча чечим кабыл ала турган жалгыз мамлекет экенин баса белгиледи.

Эске салсак, 26-сентябрда грек саясат таануучусу Пол Антонопулос Россия менен оң мамилелер түзүлгөнүнө карабай, эгер мунун кандайдыр бир артыкчылыгын көрсө, Түркия Батыш менен мүмкүн болгон кызматташууга оңой эле макул болорун эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости