www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын аймагында пайдалануу укугун берген 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштыкты сатуу боюнча аукцион 27-сентябрда соңуна чыкты. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Аукциондун жеңүүчүлөрү:

"Альфа Телеком" ЖАКсы (MegaCom) — 40 МГц (2300-2340 МГц) үчүн — 296 миллион 121 миң 600 сом;

"НУР Телеком" ААКсы (О!) — 20 МГц (2340-2360 МГц) үчүн — 353 миллион 235 миң 200 сом;

Sky Mobile ЖЧКсы (Beeline) — 40 МГц (2360-2400 МГц) үчүн — 360 миллион 64 миң сом сунуштаган.

"Натыйжада үч лот мамлекетке 1 миллиард 9 миллион 420 миң 800 сом киреше алып келди", — деп айтылат маалыматта.

Радиожыштык чыры

2020-жылдын 14-майында Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-жетекчиси Наталья Черногубова уюлдук операторлордун бири жана Байланыш комитетинин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен кармалган. Андан кийин агенттиктеги коррупция иши боюнча беш адам колго түшүрүлгөн, арасында УКМКнын да кызматкерлери бар экени айтылган болчу.

12-июнда аталган иштин алкагында "Ала-ТВ" компаниясынын негиздөөчүсү кармалган (ушул компаниянын жыштыгы уюлдук операторго сатылганы айтылган).

15-июнда Абылгазиев бул ишке тиешеси жок экенин айтып, отставкага кеткен.

Кийин көрсөтүлгөн радиожыштыктар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ишке ашыруу үчүн мамлекетке кайтарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости