www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Биринчи май акимчилигинде жолдорду оңдоо боюнча райондук штабдын отуруму өттү. Жыйынды турак жай-коммуналдык чарба боюнча акимдин орун басары Чыңгыз Байсов шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрдү.

Жыйында 2021-2022-жылдарга Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү концепциясынын экинчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшү каралды. Жолдорду реконструкциялоо иштерине тоскоол жараткан объектилерди демонтаждоо маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөргө оңдоо иштерине тоскоол жараткан көчөлөрдү, имараттарды жана объектилерди бузуу же демонтаждоо иштерин активдештирүү жана инженердик-коммуналдык кызматтарга жол жумуштары башталганга чейин инженердик тармактарды даярдоону аяктоо тапшырылды.

Эске салсак, Биринчи май районунун аймагында 2021-2022-жылдарга жалпы узундугу 14,3 чакырымды түзгөн 13 көчөнүн жолдорун реконструкциялоо каралган. 2021-жылы узундугу 12 чакырымды түзгөн 11 көчө оңдолуп, 6 көчө оңдолуп бүткөн, 5 көчөдө оңдоо иштери кайра жанданды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости