www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда инфляция жогорулап, товарлардын негизги түрлөрүнүн баалары жума сайын өзгөрүүдө. Өлкөдөгү эң ири чекене-соода түйүндөрүнүн биринин маалыматына караганда, акыркы бир айдын ичинде баалар 20 пайыздан 32 пайызга чейин жогорулады.

Казакстандын дүкөндөрүндө импортко анчалык деле көз каранды эмес айыл чарба азыктарынан тартып дээрлик бардыгы кымбаттап жатат. Инфляциянын жогорулашына дароо бир канча фактор, анын ичинде улуттук валютанын туруксуздугу жана азык-түлүк жеткирүүнүн логистикалык чынжырчасынын үзүлүшү себеп болууда.

"Бизде көптөгөн товарлар болжол менен 20-25% кымбаттады. Анткени алардын 50% жакыны импорт. Мындан тышкары жергиликтүү өндүрүүчүлөр да импортко көз каранды – товарларды таңгактоочу сырьёдон тарта комплекттөөчү техникаларына чейин чет өлкөдөн келет", – деди Алматыдагы супермаркеттер түйүнүнүн PR-менеджери Дмитрий Шишкин.

Орусия кумшекер өндүрүүчү азыктарды экспорттоого тыюу салгандыктан, Казакстанда анын баасы кыйла жогорулады. Мындан улам өндүрүүчүлөр эми Латын Америка өлкөлөрүнөн импортту көбөйтүүгө аргасыз болууда.

Ошол эле маалда Казакстанда сүт азыктарына болгон баа да жогорулап жатат.

"Бизде азык-түлүктүн өздүк баасынын 65-75% сырье түзөт. Сырье болсо 65% кымбаттап кетти. Демек, кичи чарбаларда сүттүн өздүк баасы 65% жогорулады", - деди Казакстандын Сүт бирлигинин төрагасы Владимир Кожевников.

Казакстандык өндүрүүчүлөр чет өлкөдөн товар ташып келген соодагерлер менен атаандашуу оор болуп жатканына даттанууда. Алардын айтымында, ретейлерлер азыктын сапатына карабастан, эң төмөнкү бааны сунуштагандар менен иштешүүгө өтүштү. Мындан улам дароо бир нече тармактык бирликтер бийликке кайрылып, мыйзам түрүндө соода түйүндөрүн текчелерге жергиликтүү өндүрүштөгү товарлардын белгилүү бир көлөмүн коюуга милдеттендирүүнү өтүнүштү.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда март айында инфляциянын бир жылдык көрсөткүчү рекорддук 12%, бир айлык көрсөткүч 3,7% түздү. Салыштыруу үчүн алсак, бир жыл мурда өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташынын бир айлык көрсөткүчү болгону 0,8% гана түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости