www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы жеке медициналык лабораториядагы коррупциялык схема ачыкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө караганда, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында лабораториянын кеңсесинде текшерүү жүргүзүлгөн. Анда финансылык документтер алынып, маркетингдин мыйзамсыз методу пайдаланылганын тастыктаган «кош» бухгалтерия табылган.
«Мындай аракеттер өлкөнүн бюджетине салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу жана көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогоруталуу фактыларын далилдейт», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Компаниянын жетекчиси Я.С. УКМКнын абагына убактылуу камакка алынды. Мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы эсептелип жатат.
Маалыматка ылайык, текшерүү «Eurolab» лабораториясында жүргүзүлгөн. Ал эми Укук министрлигинин маалымат базасында компаниянын жетекчиси деп Ярахмедов Сохраб Агалар Оглу жазылган.
Булак: NazarNews.kg