www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш "атайылап жасалган провокациянын бети ачылышынан чочулап жатат", - деген пикирлер айтыла баштады. Мындай пикирин Сабыр Муканбетов өзүнүн Facebook баракчасына жазды. "Буча" шаарындагы окуяны ООНдун Совбезинен кароо сунушу, эки ирет күн тартибине киргизүүдөн четке кагылды.

Учурда председателдик кылып аткан Англия, Орусиянын "Буча" боюнча далилдүү фактыларын жыйында каралуусуна бут тосуп жатышы эмнени билдирет? Батыш "атайылап жасалган провокациянын бети ачылышынан чочулап жатат" - деген пикирлер айтыла баштады", - деп жазган ал.

Эске салсак, 1-3-апрелде журналисттер жана украин бийлиги Бучанын көчөлөрүнөн ондогон карапайым кишинин денелери табылганын билдирген. Бир катар маалымат каражаттары жарыялаган сүрөттөрдө кээ бир кишилердин колдору байланып өлтүрүлгөнүн көрсө болот. Шаарча бир айдай орус аскерлеринин колунда болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт-видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттаган. Орусия Бучадагы окуялардан улам 4-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылган. Бирок Кеңеште төрагалык кылган Британия ага макул болбой, Орусия сураган Коопсуздук кеңешинин жыйынын Украина сураган 5-апрелде өткөргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости