www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, жарандан акча талап кылган адам кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү жабырлануучуну жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, андан ай сайын 5 миң доллар талап кылган.

Коркутуудан улам жаран ага 150 миң сом накталай берип, дагы 70 миң сомду банк эсебине которгон.

Кийинчерээк шектүү кошумча 200 миң сом талап кылган.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө ал 21 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Тинтүү учурунда андан аскер кызматкерине жана УКМК кызматкерине таандык күбөлүктөр табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.

Последние новости