www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Айдын орбитасына өзүнүн космостук телескобун учурууну пландап жатат. Бул тууралуу В.Г. Фесенков атындагы Астрофизика институту билдирди.
Маалыматка ылайык, телескоп Айдын айланасындагы космостук кыймылды көзөмөлдөп, космостук таштандыларды аныктап, учуулардын коопсуздугун камсыздоого жардам берет. Ошондой эле Жер үчүн кооптуу астероиддерге байкоо жүргүзүп, Айга түшкөн метеориттерди изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Учурда долбоордун илимий концепциясы жана инженердик планы даярдалды. 2027–2029-жылдары сыноо үлгүсү иштелип чыгып, жер үстүндө текшерилет. Ал эми 2030–2031-жылдары телескопту Айдын орбитасына учуруу пландалууда.
Адистердин айтымында, бул долбоор Казакстандын алыскы космосту изилдөө жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.