www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын президенти Ваагн Хачатурян «Жарандык келишим» партиясынын лидери Никол Пашинянды кайрадан премьер-министр кылып дайындады.
Буга чейин жаңы парламенттин иши башталып, өкмөт Конституцияга ылайык толук курамда отставкага кеткен.
Июндагы шайлоодо Пашиняндын партиясы 50%дан ашык добуш алып, парламенттеги 105 орундун 64үн ээледи.
Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, мыйзам бузуулар болгонун билдирген, бирок бийлик бул айыптоолорду четке каккан.
Пашинян Армения өкмөтүн үчүнчү жолу жетектейт.
Анын тушунда өлкө Батыш менен кызматташтыкты күчөтүүгө аракет кылып, Орусия менен мамилелерде чыңалуу жаралган.