www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-августуна карата Кыргызстан боюнча жалпы 1100 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлүп, курулуш иштери толугу менен аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 645 чакырымга көп. Алсак, 2025-жылдын 1-августуна карата өлкө боюнча 455 чакырым жол гана асфальтталган.
Министрлик мындай өсүш өлкөдө жол куруу жана жол инфраструктурасын жаңылоо иштери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи. Быйыл жол куруу жана асфальттоо иштеринин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көбөйгөн.
Маалыматта белгиленгендей, бул иштер транспорттук байланыштын сапатын жакшыртууга, аймактардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жол шарттарын түзүүгө багытталган.
Учурда республика боюнча республикалык маанидеги автожолдордо жана ички жол тармактарында курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык улантылып жатат. Жол куруу иштеринин жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.