www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги алты ооруканага товар ташып жеткирүү жана борборлоштурулган кычкылтек менен газификатор системасын киргизүү үчүн конкурс жарыяланды. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, тендерди "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" өткөрөт. Жогоруда аталган жумуштар менен алектенген компаниялар 23-сентябрда саат 12.00гө чейин кайрылса болот. Конкурстук документтерди кароо ушул эле күнү саат 14:00дө башталат. Анын жыйынтыгы тендердин бардык катышуучуларына почта аркылуу жөнөтүлөт.

Жумуштар төмөнкү ооруканаларда аткарылат:

  • №1 Шаардык клиникалык оорукана, сметасы — 7 миллион 614,9 миң сом;
  • №6 Шаардык клиникалык оорукана, сметасы — 2 миллион 781,8 миң сом;
  • №3 Шаардык балдар клиникалык ооруканасы, сметасы — 2 миллион 573,2 миң сом;
  • Улуттук госпиталдын Ахунбаев клиникасы жана Урология корпусу, сметасы — 8 миллион 950,7 миң сом;
  • Улуттук госпиталдын Согуштун ардагерлери корпусу, сметасы — 7 миллион 618,9 миң сом;
  • Улуттук госпиталдын Нейрохирургия жана көз корпусу, сметасы — 10 миллион 979,2 миң сом.

Конкурстун шарт-талабы тууралуу кенен маалымат Экономика министрлигинин сайтына жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости