www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы 7-Апрель көчөсүндө (Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) жылуулук тармагында авария катталганына байланыштуу «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул тилкеде 1974 жана 1986-жылдары курулган жылуулук түтүктөрү колдонулуп келет. Кызмат мөөнөтү узарып кеткендиктен, авариялык кырдаал орун алды.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндөЭ шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук энергиясын берүү убактылуу чектелиши мүмкүн.

Ишкана аварияны кыска мөөнөттө жоюп, туруктуу жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө. Оңдоо иштеринин аяктоо мөөнөтү тууралуу кошумча маалымат берилет.

Последние новости